24.11.21

Өзбекстандын Энергетика министрлиги “Électricité de France (EDF)”, “Nebras Power” жана “Sojitz” корпорациялары, Сырдарыя облусунда газ турбиналык электр станциясын куруу боюнча тендерди утуп алганын билдирди.

“EDF” француз энергетикалык компаниясы, Катардын “Nebras” жана Япониянын “Sojitz” компаниялары “Өзбекстандын Улуттук электр тармактары” акционердик коому менен электр энергиясын сатып алуу, каржылоо жана жаңы электр станциясын куруу боюнча 25 жылдык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Power-eng.com” сайты маалымдады.

Кубаттуулугу 1200-1600 (Мвт) мегаватт болгон комбинацияланган газ турбиналык электр станциясы эски электр станцияларына караганда эки эсе эффективдүү болмокчу. Бул жаратылыш газын керектөөнү үнөмдөп, көмүртектин чыгышын азайтат.

Сырдарыядагы газ турбиналык электр станциясын курулушу, Өзбекстанда эскирген энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо жана газды керектөөдөн чыккан көмүртектин эмиссиясын зыяндуулугун азайтуу боюнча өлкөнүн жалпы стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

“Reuters” агенттигинин маалыматына ылайык, компания 25 жыл ичинде кубаттуулугу  1,560 (МВт) мегаватт болгон электр станциясын долбоорлоо, каржылоо, куруу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо үчүн жооптуу болмокчу.

Белгилей кетсек, станция үчүн Өзбекстандын өкмөтү Сурхандарыя облусунун Ангор районунан 150 гектар жер бөлүп берген. Станция 2024-жылдын аягына чейин ишке кириши күтүлүүдө.

https://centralasia.media/news:1745552