24.11.21

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 23-ноябрь күнү Ташкент шаарынын Шайхантахур районунда жайгашкан “Реал Текс Ташкент” текстиль ишканасына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

“Реал Текс Ташкент” ЖЧКсы жарым жылга жетпеген убакыт аралыгында, тагыраак айтканда май айында иштеп баштаган. Мына ушундай кыска мөөнөттүн ичинде аталган ишкана 390 миллиард сумдук (“сум”-Өзбекстандын акча бирдиги) продукция өндүргөн.

Ишкананын цехтери заманбап жип ийрүүчү, токуучу, боёочу жана тигүүчү жабдуулары менен жабдылган. Заманбап аппараттар эң жогорку сапаттагы жип, бир түстөгү кездемелерди, ошондой эле даяр текстиль буюмдарын чыгарууга мүмкүндүк берет.
Ишкананын кубаттуулугу  жылына 22 миң тоннага чейин жип жана дээрлик узундугу 6 миллион метрге жеткен кездеме өндүрүүгө жөндөмдүү. Текстиль фабрикасынын курулушуна  50 миллион доллар акча каражаты жумшалган.

Өлкө башчысы ишканага болгон иш сапарынын алкагында цехтерди көрүп, фабрикада өндүрүлгөн продукциялар менен таанышып, андан соң борбор калаанын акимдеринин жана райондун башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйындын күн тартибине район акиминин жардамчыларынын жана Ташкент шаарынын акимдеринин айылдардагы иштерине байланыштуу маселелер каралды. Мамлекет башчы, бардык деңгээлдеги бийлик өкүлдөрүнө жумушсуздукту кыскартууга, жеке секторду өнүктүрүүгө жана жаштардын демилгелерин колдоого багытталган реформалардын пайдубалы болууга чакырды.

https://centralasia.news/12456-prezident-uzbekistana-posetil-novoe-tekstilnoe-predprijatie.html