28.11.21

Ташкент шаарында 27-ноябрь күнү, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жана “Өзбек-кыргыз” өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Улукбек Кармышаков жолугушту. Көрүшмө учурунда, аталган фонддун практикалык ишмердүүлүгүн уюштуруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу, “Дунё” маалымат агенттиги билдирди.

Жолугушууда негизги көңүл фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн келечектүү долбоорлорду кароо жана тандап алууга бурулду. Тактап айтканда, учурда фонддун жетекчилиги тарабынан айыл чарба, мал чарбачылык, багбанчылык, жибек өндүрүү, курулуш материалдарын өндүрүү жана фармацевтика тармагында инвестициялык долбоорлордун тизмеси түзүлгөнү айтылды.

Ошондой эле Өзбекстан жана Кыргызстандын чектеш аймактарында биргелешкен соода-логистикалык комплекстерди түзүү мүмкүнчүлүктөрү изилденип жаткандыгы белгилүү болду.

Тараптар ошондой эле айрым долбоорлордун артыкчылыктарын олуттуу талкуулашты жана аларды ишке ашырууну тезирээк баштоо максатында,  экономикалык эффективдүүлүгүн эске алуу менен долбоорлордун акыркы тизмесин түзүү үчүн эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы кадамдарын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында, фонддун ички уюштуруу жана оперативдүү ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер макулдашылды.

https://kabar.kg/news/v-tashkente-obsudili-prakticheskie-voprosy-raboty-uzbeksko-kyrgyzskogo-fonda-razvitiia/