09.12.21

Түркиянын Өнөр-жай жана технология министри  Мустафа Варанк Кескин, Өзбекстан менен Түркиянын ортосунда товар алмашуу жогорулап жаткандыгын билдирди. Ал мунун себебин, Өзбекстанда бизнести жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу үчүн маанилүү кадамдар жасалганын жана инвестиция кылуу үчүн келген Түркиялык ишкерлеринин санынын олуттуу өсүшүнүн таасиринен деп түшүндүрдү.

Ошондой эле, Мустафа Варанк Кескин, Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы тышкы соода көлөмү 2020-жылдын  январь-октябрь айларында 1 миллиард  654, 2 миллион доллар болгонун, ал эми 2021-жылы өткөн  жылга салыштырмалдуу 2 миллиард  710, 9 миллион долларга жеткенин белгиледи.

Мындан тышкары, Мустафа Варанк Кескин: “Түркия быйыл январь-октябрь айларында, Өзбекстан менен тышкы соода көлөмүн Орусиядан кийин эң көп арттырган экинчи өлкө болду”,-деп кошумчалады.

Өзбекстан жана Түркиянын ортосундагы тышкы соода көлөмүнүн быйыл биринчи жолу 3 миллиард доллардан ашык болору күтүлүп жаткандыгын билдирип өттү. Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттери мурда белгилеген соода жүгүртүүнү  5 миллиард долларга жеткирүү максатына дагы бир кадам жакындашты.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/ozbekistan-ve-turkiye-5-milyar-dolarlik-dis-ticaret-hedefine-yaklasiyor/61b1b94001a30a51d037ee8f