10.12.21

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында, Өзбекстан  чет өлкөлөргө 11,5 миллион долларга бааланган 714 даана өзүнүн өндүрүшүнөн чыккан жүк ташуучу унааларын экспорттогон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аздык кылат.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан жүк ташуучу унаалардын басымдуу бөлүгү коңшу Казакстанга (505 даана, же 70 пайыздан ашыгы) сатылган. Мындан тышкары, Өзбекстандын жүк ташуучу унаалары Кыргызстан (84), Сингапур (71), Афганистан (29) жана башка өлкөлөргө импорттолгон. Маалыматка ылайык, 2021-жылдын алгачкы 10 айында эле Өзбекстанда 3,257 жүк ташуучу унаа чыгарылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5% пайызга аздык кылат. Коронавирус пандемиясы күчөп турган 2020-жылдын январь-октябрь айларында, өлкөдө 3,306 жүк ташуучу унаа чыгарылган. Ал эми, 2019-жылдын ушул эле мезгилинде  4,440 даана  жүк ташуучу унаалар өндүрүлгөн.

https://centralasia.media/news:1749599