15.12.21

Азербайжан жана Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү акыркы беш жылда беш эсеге өсүп, жалпысынан 100 миллион долларга жетти.

Бул тууралуу, Өзбекстандын президентине караштуу Стратегиялык жана аймактар ​​аралык изилдөөлөр институтунун директору Элдор Арипов “Өзбекстан жана Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 25 жыл”  аттуу иш чаранын жүрүшүндө билдирди.

Акыркы бир нече жылда, Азербайжан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүп, 2017-жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында он төрттөн ашык жолугушуулар өткөрүлгөн. Иш чаранын жүрүшүндө, Элдор Арипов экономикалык, өнөр жай кооперациясы, транспорттук-логистика жана туризм тармагындагы кызматташтыкштыктарга токтолуп өттү.

Ошондой эле, Элдор Арипов өлкөлөр ортосунда “Узавтмоторс” компаниясынын “Азермаш” компаниясы менен биргеликте жаңы автомобиль  конвейерлери ишке киргендигин белгилеп өттү.

Муну менен катар, эки өлкө ортосундагы жүк ташуулар көбөйгөндүгү белгиленди. Элдор Арипов: “Азербайжандын аймагы аркылуу, Өзбекстандын товарлары үчүн тарифтерди оптималдаштыруу, жүк ташуунун көлөмүнүн өсүшүнө алып келди”,- деп билдирди. Анын айтымында, өлкөлөр транспорттук коммуникация тармагында да активдүү өз ара аракеттенүүдө. Ошондой эле, Элдор Арипов Өзбекстандын Бухара жана Фергана облустары менен Азербайжандын облустарынын аймактар ​​аралык кызматташуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Элдор Арипов эл аралык уюмдардын алкагында, эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгына токтолуп, анын ичинде Түрк мамлекеттеринин уюмун белгилеп өттү. Ошондой эле мунай продуктыларын кайра иштетүү, химиялык өнөр жай, аскердик-өнөр жай комплекси жаатындагы кызматташтык тууралуу да маалымат берди. Ошондой эле туризм тармагында пандемияга чейинки мезгилге салыштырганда туристтердин саны 20 пайызга өскөндүгүн билдирип өттү.

https://www.trend.az/casia/uzbekistan/3526513.html?utm_source=yxnews&utm_medium=desktop