15.12.21

Ирандын Деңиз порттору жана деңиз уюмунун жетекчиси Али Акбар Сафаи, Иран Өзбекстандын “Чабахар” портун пайдалануусун колдой тургандыгын билдирди. Али Акбар Сафаи 14-декабрда болуп өткөн Иран, Индия жана Өзбекстандын өкүлдөрүнөн турган үч тараптуу  онлайн форматындагы жолугушуусунда билдирди. Бул тууралуу “Mehr” маалымат агенттиги кабарлады.

Али Акбар Сафаи:  “Иран Ислам Республикасы Өзбекстан өкмөтүнүн “Чабахар” портунун кубаттуулугун пайдаланууга даярдыгын жана анын Шахид Бехешти (Чабхардагы) портунда сооданы жана инвестицияны өнүктүрүү планын кубаттайт. Өзбекстан “Чабахар” өз ара түшүнүшүү меморандумуна кошулгандан кийин, жакынкы келечекте Индия, Иран жана Өзбекстандын ортосунда жеңилдетилген транзитти көрө алабыз. Акыркы бир нече жылда “Чабахар” меморандумунун ишке кириши менен “Шахид Бехешти” портунда активдүүлүк бир топ жогорулады жана Индия, Иран, Афганистан, Өзбекстан жана башка Борбордук Азия мамлекеттеринин толук кандуу кызматташуусу менен “Чабахар” порту дагы кеңейе берет. Индия, Иран, Афганистан, Өзбекстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүнүн толук кызматташуусу менен “Чабахар” портунун активдүүлүгү дагы да өсөт деп үмүттөнөбүз”, - деп билдирди.

Ал эми, Индиянын Порт, кеме жана суу жолдору министринин орун басары Иран, Индия жана Афганистандын ортосундагы “Чабахар” келишими Афганстанига деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен Ирандын “Чабахар” портун өнүктүрүүгө негиз салганын белгилеп өттү. Ошондой эле, Индиялык өкүл акыркы жылдары “Чабахар” порту Индияны Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштырган үнөмдүү жана туруктуу каттамды камсыз кылган аймактык транзиттик түйүнгө айлангандыгын кошумчалды.

Мындан тышкары, Индия тарап Өзбекстанга жүктөрдү транзиттик өткөрүү үчүн “Чабахарга” кошулууга мүмкүндүк берүүчү механизмди түзүүгө чакырды, бул Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн Иран портуна кирүү мүмкүнчүлүгүн бермекчи.

Ал эми Өзбекстандын өкүлү өз кезегинде Өзбекстан жана Индиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү акыркы бир жылда бир кыйла жогорулаганын билдирди. Анын айтымында, “Чабахар” порту региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук жана логистиканы жеңилдетүү үчүн маанилүү. Ошондой эле, Өзбекстандын расмий өкүлү өзбекстандык делегация жакынкы мезгилде “Чабахар” портуна бара тургандыгын кошумчалап өттү.

https://centralasia.media/news:1750697