15.12.21

Ташкент шаарынын  акиминин орун басары Сардор Абдуллаев жана Түркиялык “Мармара Групп” фондунун президенти Аккан Сувер баштаган түркиялык ишкерлер тобунун жолугушуусу 14-декабрь күнү  Ташкент шаарында болуп өттү.

Сардор Абдуллаев келген конокторго, ар тараптуу жардам көрсөтүүгө жана конокторду кызыктырган суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Аккан Сувер кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, шаардын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн башында жаш жетекчилерди көрүп жатканын канааттануу менен белгилеп, түркиялык “Сигма Инжиниринг” компаниясынын негиздөөчүсү Абузар Сариге сөз берди.

Абузар Сари мырза өзүнүн компаниясынын ишмердүүлүгүнө токтолуп, иш сапарынын максаты Ташкент шаарында, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максаты бар экендигин билдирди.

Түркиялык ишкер, учурда Ташкент шаарында иштеп жаткан маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун    кубаттуулуктары жана аларга болгон болжолдуу суроо-талаптын деңгээли тууралуу маалыматтар керек экендигин билдирип өттү.

Сардор Абдуллаев учурда IT багытын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана Түркиялык ишкерлердин сунушу борбор калаа үчүн гана эмес, бүткүл республика боюнча актуалдуулугун белгиледи. Ошондой эле ал Түркиялык ишкерлерге бардык керектүү маалыматтарды чогултууга жана берүүгө жана дайыма көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Сардор Абдуллаев Өзбекстандын Маалыматтык технологияларды жана коммуникацияларды өнүктүрүү министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берүү убадасын берип, керектүү маалыматтар алынган соң эки тараптуу диалог улана тургандыгын билдирип өттү.

https://www.tashkent.uz/ru/news/peregovory-s-turetskimi-biznesmenami-o-stroitelstve-tsod-v-uzbekistane