12.17.21

Өзбекстандын 2021-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 356 триллион сум  (33 миллиард доллар) акча каражатын түздү. Бул көрсөткүч жыл башына салыштырмалуу 13,3 пайызга (26,7 триллион сум же 2,4 миллиард доллар) жогорулаган. Бул тууралуу, “Trend” маалымат агенттиги Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетине шилтеме берүү менен билдирди.

Аталган мезгил ичинде,  тоо-кен өнөр жайынын жана карьерлерди иштетүүнүн көлөмү 34,2 триллион сумду (3,1 миллиард доллар) түздү, жыл башына салыштырмалуу 10,6 пайызга  (3,2 триллион сум, же 299,3 миллион доллар)  көбөйгөн.

2021-жылдын январь-октябрь айларында кайра иштетүү өнөр жайынын көлөмү жыл башындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 14,4 пайызга  өсүп 295,1 триллион суммду (27, 4 миллиард доллар) түздү.

https://kabar.kg/news/ob-em-promyshlennogo-proizvodstva-v-uzbekistane-uvelichilsia-bolee-chem-v-10-raz/