22.02.22

Тегеран шаарында Өзбекстан-Иран бизнес-форуму өтүп, ага эки өлкөнүн мамлекеттик жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чарага Өзбекстандын делегациясын вице-премьер-министр, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жетектеди. Иран тараптан экономикалык маселелер боюнча вице-президент Мохсен Резай Миргаед катышты.

Форумдун жүрүшүндө канаттууларды өстүрүү, балык өстүрүү, тамак-аш өнөр жайы жана курулуш материалдарын өндүрүү тармагында ири долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы, акыркы 5 жылда Ирандын капиталынын катышуусундагы Өзбекстанда ишканалардын саны төрт эсе өскөндүгү белгиленди.

Форумдун жыйынтыгында, ирандык жана өзбекстандык ишкерлердин ортосунда, жалпы суммасы 200 миллион долларга жакын бир катар инвестициялык келишимдерге жана соода келишимдерине кол коюлду.

Иш-чаранын программасынын алкагында, Өзбекстандын приоритеттүү тармактардагы инвестициялык потенциалы тууралуу презентациялар өткөрүлдү, алар инвестиция тартуунун эң келечектүү багыттарын жана даяр долбоордук сунуштарды камтыды.

Ошондой эле форумдун алкагында, эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн “В2В” форматындагы жолугушууларды дагы өткөрүштү. Анын жүрүшүндө, Өзбекстанда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Иш-чаранын соңунда, эки өлкөнүн делегация башчылары форумдун катышуучуларын конкреттүү өз ара пайдалуу келишимдерге жетишүү үчүн тыгыз жана жемиштүү кызматташууга чакырышты.

https://centralasia.media/news:1764216