23.02.22

Ташкент шаарында жаратылыш булактарынан энергияны алуу боюнча, Улуттук илим-изилдөө институтунун курамында суутек энергиясын илимий-изилдөө борбору түзүлгөн. Борбордо  водороддук энергиянын технологияларын сыноо жана сертификациялоо лабораториясы иштеп, бир катар тематикалык илимий изилдөөлөр жасалып  жатат.

Кытайлык “Хенань Суда” компаниясынын техникалык колдоосу менен институтка 20 электромобил унаалары бөлүнүп берилген.  Алынган электромобилдерди колдонуу менен тез кубаттоочу станцияларды жасоо иштери ишке ашырылат. Өзбекстандын Энергетика министрлигинин тараткан билдирүүсүндө: «электромобилдер жашыл экономиканын ажырагыс бөлүгү жана аны өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат» - деп белгиленет.

Азыркы учурда, жалпы кубаттуулугу 45 киловат (кВт) саат болгон күндөн энергия алган батареялары орнотулуп, анын негизинде электр энергиясы өндүрүлүп, мекемени үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда.

Күндөн энергия алуу технологиясын колдонуу менен электр унаалары үчүн тез кубаттагычтарды түзүү жана өнүктүрүү долбоорунун алкагында иштер жүрүп жатат. Натыйжада өлкөдө орнотулган ар бир мындай система жылына 32 миң (кВт) киловат саат электр энергиясын иштеп чыгат, бул 950 даана электромобиль унаасын кубаттоого эсептелген. Андан тышкары 11,2 миң кубометр жаратылыш газын үнөмдөп, 19,8 тонна  зыяндуу заттардын  атмосферага бөлүнүп чыгышын алдын алат.

https://centralasia.media/news:1764456