24.02.22

Өзбекстандын Түркмөнстан менен тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын биринчи айында 26,3 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында, Өзбекстан 19 миллион долларга бааланган Түркмөнстандын продукциясын импорттогон. Ошол эле учурда, Өзбекстан Түркмөнстанга 7,4 миллион доллар өлчөмүндө товар экспорттогон.

Өзбекстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү январь айында 3,5 миллиард долларга жакындап, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 миллиард долларга же 49,9% пайызга өскөн.

2022-жылдын январь айында, Өзбекстандын тышкы соодасынын эң чоң көлөмү Кытай менен болгон. Жалпы соода  621 миллион доллар болгон. Экспорт 157,1 миллион доллар, импорт  463,8 миллион долларды түзгөн.

2022-жылдын январь айында, Өзбекстандын негизги өнөктөштөрү Россия (573,3 млн доллар), Казакстан (266,8 млн доллар), Түркия (266,1 млн доллар), Корея (213,4 млн доллар) Кыргызстан (60,3 миллион доллар), Украина (48,9 миллион доллар), Германия (45,3 миллион доллар), Индия (44,5 миллион доллар) жана Тажикстан (43,1 миллион доллар) болгон.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү 881,9 миллион долларын түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 61% пайызга көпттүк кылат.

https://business.com.tm/ru/post/8290/turkmenistanozbekistan-ticaret-hacmi-ocak-ay%C4%B1nda-26-milyonu-asht%C4%B1