26.02.22

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-февраль күнү, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын  лидери президент Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап, ага ден соолук жана бакубатчылык, ошондой эле  иштеринде ийгиликтерди каалады.

Андан соң, Өзбекстан-Түркия кызматташтыгынын абалы жана аны өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу пикир алмашуу болду. Тараптар соода-экономикалык чөйрөдө эки тараптуу өнөктөштүктүн оң динамикасын белгилешти. Биргелешкен ишканалардын жана аймактык долбоорлордун саны өсүп, соода көлөмү көбөйүүдө. Кызматташтыктын маданий-гуманитардык багыты дагы жакшы өсүү динамикасын көрсөтүүдө.

Эки мамлекеттин башчылары, аймактык жана эл аралык саясаттын жана аймактык түзүмдөрдүн деңгээлиндеги өз ара аракеттенүүнүн бир катар маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Ташкентте өтө турган Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселеси каралды.

https://centralasia.news/13966-sostojalsja-telefonnyj-razgovor-prezidentov-uzbekistana-i-turcii.html