25.02.22                                                            

Өзбекстандын Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын Бируни районунда, шамал электр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Курулушту ишке ашыруу үчүн жыйырмадан ашык компаниялар катышкан. Жыйынтыгында эл аралык тендерди утуп алган саудиялык “ACWA Power” компаниясы менен биргеликте шамал станциясын куруу иштери жүргүзүлөт. Жаңы энергетикалык объекттин алгачкы ташын коюу аземине, бир күн мурда иш сапары менен Каракалпакстанга келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Бируни районундагы жападан-жалгыз “Тахиаташ”  ТЭЦи мындан жарым кылымдан ашык мурда курулган жана азыркы кезде республиканын энергетикага өсүп жаткан керектөөлөрүн канааттандыра албайт. Ошондуктан аны модернизациялоо иштери жүргүзүлүп, дагы 560 мегаватт кошумча кубаттуулугу көбөйтүлгөн болучу.

Кубаттуулугу жылына 360 миллион киловат (кВт) болгон жаңы шамал электр станциясы 110 миңге чейин үй-бүлөнү электр энергиясы менен камсыз кыла алат жана жылына 100 миллион кубометрден ашык газды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Электр станциясын куруу долбоорунун алкагында 25 шамал тегирмени орнотулуп, 220 киловат (кВт) кубаттуулуктагы 20 чакырым электр линиясы тартылат. Курулуш иштери миңдеген жумушчу орундарын түзүп, объект пайдаланууга берилгенден кийин жүздөн ашык квалификациялуу инженер-электрик адистери иш менен камсыз болушат.

https://centralasia.news/13938-v-karakalpakstane-budet-postroena-vetrjanaja-jelektrostancija.html