23.03.22

Татарстан жана Өзбекстан орто аралыкка учуучу “Ту-214” учагынын өндүрүшүн жандандыруу үчүн анын тетиктерин өндүрүү боюнча кызматташууну пландоодо. Бул тууралуу, Татарстанстандын президентинин авиациялык комплекс жана машина куруу боюнча жардамчысы Равиль Зарипова билдирди. Ташкент шаарында 22-март күнү, Өзбекстан жана Татарстандын ортосундагы инвестициялык жана экономикалык кызматташтыктын алкагында тегерек стол болуп өттү.

Бул көрүшмө, Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун жакынкы аралыкта Өзбекстанга боло турган  иш сапарынын алкагында уюштурулду.

Өз кезегинде, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министринин орун басары Хуррам Тешабаев Бириккен авиация корпорациясы (ОAК) менен биргеликте Ташкент механикалык заводунун базасында учактардын тетиктеринин түрлөрүн көбөйтүү боюнча келишим түзүлгөндүгүн билдирди. Биринчи кезекте “Ил-76” жана “Ил-114” маркасындагы учактардын  тетиктерин чыгаруу пландалууда. Хуррам Тешабаев кошумчалагандай, Өзбекстанда машина куруу ишканаларынын консорциумун түзүү боюнча, Татарстандын Бириккен авиация корпорациясы (ОAК) менен келишим түзүлдү. Мындай кадамдар Россиянын авиация тармагынын керектөөсүн камсыздайт.

Эскерте кетсек, “Ташкент механикалык заводу” 1941-жылы Москва облусунан Өзбекстанга эвакуацияланган авиазаводдун базасында түзүлгөн. Завод “Ил-76” транспорттук учактарын жана “Ил-114” жүргүнчү учактарын, ошондой эле “Ан-70” учактарынын канаттарын өндүрүп келген. Учурда завод курулуш конструкциялары, турмуш-тиричилик буюмдары, автомобиль тетиктерин, айыл чарба машиналары жана темир жол транспорту үчүн тетиктерди өндүрөт.

https://centralasia.media/news:1770307