24.03.22

Өзбекстан  Грузия, Азербайжан жана Түркмөнстан менен алардын деңиз порттору аркылуу жүктөрүн ташууга жеңилдиктерди берүү боюнча макулдашканын, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министринин биринчи орун басары Азиз Воитов билдирди. Анын айтымында, бир күн мурда болгон жыйында президент экспорттоочу ишканалардын транспорттук чыгымдарын мындан ары кыскартуу боюнча тапшырмаларды берген.

Азиз Воитов: “Жакында биз өнөктөш өлкөлөр, тактап айтканда, Азербайжан жана Грузия менен макулдаша алдык. Азыр бул өлкөлөрдүн порттору аркылуу товарлар 30 пайызга арзан жеткирилет. Мындан тышкары, биз макулдашып, Каспий деңизи аркылуу ташыла турган товарларыбыздын чыгымдарын азайта алдык. Ошондой эле Түркмөнбашы жана Баку порттору менен транспорттук чыгымдарды 50 пайызга кыскартуу боюнча макулдашуу бар”, - деп билдирди.

Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министринин биринчи орун басары Азиз Воитов министрликтер менен ведомстволор жаңы транспорт коридорлорун ачуунун үстүндө иштеп жатышкандыгын белгилеп келип: “Бул иштердин алкагында, 16-март күнү Индиянын Мумбай портунан Пакистан жана Афганистан аркылуу Өзбекстанга биринчи жолу жүк жөнөтүлдү. Бул тарыхый окуя болду. Биз мындан ары дагы бул транспорт коридорунун потенциалын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга аракет кылабыз”- деп баса белгилеп өттү. Азиз Воитовдун  айтымында, Өзбекстандын Экспортту илгерилетүү боюнча агенттиги экспортерлордун транспорттук чыгымдарын 70 пайызга чейин компенсациялайт.

https://centralasia.media/news:1770535