23.02.22.

Татарстандын президенти Рустам Минниханов Өзбекстанга жумушчу иш сапары менен келди. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы  билдирди.

Рустам Минниханов иш сапарынын жүрүшүндө, Өзбекстандын бизнес жана бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Татарстандын президенти, “Химград” технополис компаниясы менен биргеликте түзүлүп жаткан “Чирчик” химиялык-өнөр жай технопаркынын алгачкы капсула салуу жана курулушун баштоо аземине катышат. Технопарктын аймагында, жогорку кошумча нарк менен жана эл аралык сапат стандарттарына ылайык келген мунай-химия жана химиялык продукцияны өндүрүү пландаштырылууда.

Буга чейин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун чечими менен “Узкимёсаноат” акционердик коому жана “Химград” технополис компаниясы, Ташкент облусунун Чирчик шаарында Россиялык компаниялардын өндүрүшүн Өзбекстанда жайгаштырууга багытталган индустриалдык паркын курууда.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча, Татарстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү дээрлик 200 миллион долларын түздү. Акыркы 5 жылдын ичинде, Россия менен кызматташуунун өсүшүнүн алкагында, Татарстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин чыңдалышы байкалууда.

Азыркы учурда, эки тараптын министрликтеринин соода-өнөр жай палаталарынын, ишканаларынын, уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлуп, ишке ашырылып жатат. Татарстандын “КАМАЗ”, “Татнефть”, “Химград”, “КЕР-Холдинг”, “Татхимфармпрепараты”, “ПОЗиС” жана башка алдыңкы ишканалары менен кызматташуу боюнча жемиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

https://kabar.kg/news/prezident-tatarstana-s-rabochim-vizitom-pribyl-v-uzbekistane/