28.03.22

Ташкент шаарында болуп өткөн эл аралык инвестициялык форумунун жыйынтыгында 7,8 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлганын, жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Өзбекстандын борборунда алгачкы Ташкент эл аралык инвестициялык форуму (TMIF) ишин аяктады. Иш-чара дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн 2 миңден ашык катышуучуларды, ири инвесторлор жана жогорку даражалуу коноктордун башын бириктирди.

 Форумдун жыйынтыгында 7,8 миллиард долларлык келишимдердин жана инвестициялык макулдашуулардын пакетине кол коюлду. Ошондой эле 3,5 миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алдын ала макулдашууларга жетишилди. Форум Өзбекстандын жана бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн экономикасына чет элдик инвестицияларды жана заманбап технологияларды тартуу үчүн туруктуу аянтчага айланат. Ошондой эле аймактагы ишкерлер менен чет элдик бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү үчүн өз ара кызыкчылык туудурган аянтча болот деп күтүлүүдө.

https://centralasia.media/news:1771307