29.03.22

Өзбекстан өткөн аптада, Трансафган темир жолунун курулушун баштады. Бул тууралуу, Пакистандын “The News International” басылмасы жазып чыкты.

Баасы 5 миллиард долларга бааланган  долбоор, Борбор Азияны Пакистандын порттору менен байланыштырат. Анын негизинде, Борбор Азинын өлкөлөрүнүн өндүргөн товарлары дүйнөлүк океанга кыска убакытта жана арзан жеткиргенге мүмкүнчүлүк алат, деп билдирет аталган басылма.

Өзбекстан, Афганистан, Пакистандын өкүлдөрү Термез шаарында  26-27-март күндөрү  жолугушуп, транспорт жана логистика тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Көрүшмө учурунда, Пакистандын инвестициялык комиссиясынын башчысы Мухаммад Азфар Ахсан: “Термез-Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолу аймактын келечеги үчүн бурулуш чекит болушу мүмкүн. Афганистан көптөн бери континенттин айрым аймактарынын ортосундагы көпүрө ролу үчүн “Азиянын жүрөгү” деп аталып келген. Жаңы долбоор өлкөнүн Кытайдын “Бир алкак, бир жол” демилгесине кошулуусуна жардам берет”, - деп белгилеп өттү.  

Мухаммад Азфар Ахсандын айтымында, заманбап экономика үчүн транспорттук байланыштардын маанисин абдан жогору. Борбордук Азия өлкөлөрү түндүк, батыш жана чыгыш жолдоруна кошумча катары түштүктө дагы соода байланыштарына муктаж.

Жолугушуунун жүрүшүндө, үч өлкөнүн ортосундагы жүктөрдү автотранспорт менен ташуудагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору дагы талкууланды. Пакистан аркылуу жүк ташуу шарттары жана өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү маселеси козголду.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Пакистан жана Афганистандан келген 7 компания менен меморандум жана келишимдерге кол коюлду.

https://centralasia.media/news:1771539