30.03.22

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жубайы менен Ташкентке 29-мартта расмий иш сапар менен барды. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аларды Ташкенттин эл аралык аэропортунан Өзбекстандын президенти жубайы менен тосуп алды.

“Куксарой” резиденциясында президент Шавкат Мирзиёев жана президент Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мамлекет башчылары өз ара урматтоого, достукка жана ишенимге негизделген көп кырдуу Өзбекстан-Түркия кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Негизги көңүл стратегиялык өнөктөштүк мамилелердин деңгээлин жогорулатуу, саясий, парламенттер аралык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү маселелерине бурулуду.

Андан соң, “Өзбекстан-Түркия” жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин экинчи жыйыны болуп өттү. Президенттер кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн келечектүү багыттарын кеңири карап чыгышты. Жетишилген кызматташтыктын масштабын эске алуу менен тараптар эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге  ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүүнү чечишти.

Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн соңунда, документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болду. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Стратегиялык кызматташтык кеңешинин экинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча, биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун деңгээлинде көп тармактуу эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүнү караган 9 документке кол коюлду.

Ошондой эле Түркиянын президентинин иш сапарынын алкагында, Ташкент облусунда заманбап жылуулук борборун (ТЭЦ) ишке киргизүү жана Сырдарыя облусунда ушундай эле жылуулук борборунун курулушун баштоо аземи болуп өттү.

https://centralasia.media/news:1771732