30.03.22

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын  29-март күнү Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында, Ташкент облусунда заманбап жылуулук борборунун (ТЭЦ) ишке киргизүү аземи жана Сырдарыя облусунда ушундай эле жылуулук борборунун курулушунун баштоо аземине катышышты. Долбоорлорду Түркиянын “Cengiz Enerji” компаниясы ишке ашырууда.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев долбоорлордун маанисине токтолуп, бул комплекстер, Өзбекстан жана Түркиянын экономикалык кызматташтыгынын айкын көрүнүшүнө айланганын белгиледи.

Өткөн жылы эле Түркиянын компаниялары менен биргеликте Өзбекстандын динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасы талап кылган 5 ири энергетикалык долбоорлор ишке ашырылгандыгы өзгөчө баса белгиленди. Тактап айтканда, бул станциялардын жалпы кубаттуулугу 1,4 миң мегават энергиясын өндүргөнгө  жетет. Өзбекстандын энергетика тармагын 2026-жылга чейин модернизациялоонун эсебинен, мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн негизинде 12 миллиард долларлык 20 долбоор иштеп баштай тургандыгы айтылды. Бул долбоорлор, кошумча 71 миллиард киловатт-саат электр энергиясын берет. Жылына анын негизинде 12 миллиард кубометр жаратылыш газы үнөмдөлмөкчү.

Мамлекет башчысы жылуулук борборунун (ТЭЦ) курулушуна катышкан инженерлерге жана куруучуларга ыраазычылык билдирди. Андан соң президенттер, Шавкат Мирзиёев менен Режеп Тайып Эрдоган символикалык кнопканы басуу менен Кибрай аймагындагы жылуулук борборун (ТЭЦ) ишке киргизишти.

Ошондой эле президенттер Хаваст районунда курула турган жаңы жылуулук борборунун (ТЭЦ) курулушун баштоо аземине катышышты. Ташкент облусунун Кибрай районунда курулган  жаңы жылуулук борборунун (ТЭЦ) кубаттуулугу 240 мегаватт энергиясын түзөт.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы жылуулук борборунда заманбап жабдыктар орнотулган. Электр станциясы жылына 2 миллиард киловатт-саат энергия иштеп чыгарат. Жылуулук электр борбору (ТЭЦ) ишке киргизилгенден кийин өндүрүлгөн электр энергиясы 25 жылдык мөөнөткө түзүлгөн келишимдин негизинде “Өзбекстандын Улуттук электр тармактары” компаниясына  сатылып турмакчы.

Сырдарыя областынын Хаваст районундагы жаңы курула турган жылуулук борборунун (ТЭЦ) кубаттуулугу 220 мегаватт болуп, ал жылына 1,7 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарууга жөндөмдүү болот. Анын курулушу 2022-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.

https://centralasia.media/news:1771734/?from=portal&place=nowread&b=2