12.04.22

Өзбекстан Фергана өрөөнүндө Анжиян, Наманган жана Фергана облустары үчүн бирдиктүү эл аралык аэропорт куруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Анжиян, Наманган жана Фергана облустарындагы жайгашкан аэропорттор, шаарлардын жыш өнүгүүсүнөн улам кеңейе албай келген. Ошондон улам, Фергана өрөөнүндө жаңы эл аралык аэропорт куруу чечими кабыл алынган.

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы: “Жаңы эл аралык аэропортту куруу сунушталууда, ал үч облустун  (Анжиян, Наманган жана Фергана облустары) жүргүнчүлөрүн тейлемекчи”, - деп билдирет.

Ошондой эле Бухара жана Ургенч аэропортторунда жаңы жүргүнчү терминалдарын куруу пландалууда. Ал тургай аймактык  авиакомпания түзүлөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аба транспорт инфраструктурасындагы долбоорлор менен таанышып, тизмени кеңейтүүнү, ошондой эле аэропорттордо көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууну тапшырды. Мындан тышкары, президент авиабилеттерди  төмөн баада сатууну камсыз кылууну  тапшырды.

https://centralasia.media/news:1774335