12.04.22

Азербайжан жана Өзбекстан өз аймактарында темир жол аркылуу ташылган жүктөрдүн көлөмүн көбөйтүү маселесин талкуулашты.

Талкуу Ташкент шаарында “Азербайжан темир жолдору” компантиясы жана “Өзбекстан темир жолдору” акционердик коомунун жетекчилигинин ортосунда болуп өттү.

Бул тууралуу, “Azer.news” маалымат агенттиги  билдирди.

Тараптар Азербайжан жана Өзбекстан темир жолдорунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап “Азия-Тынч океан аймагы-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия, Түркия-Европа” эл аралык мультимодалдык маршрутун өнүктүрүү боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүп жатканын белгилешти.

Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн темир жол инфраструктураларынын ортосундагы технологиялык кызматташуу маселелерин карашты. Темир жол транспортун оңдоого, ошондой эле темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өз ара техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары, эл аралык жана мультимодалдык транспорт коридорлорунун катышуучулары менен өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жүк ташууларды көбөйтүү жана эки тараптуу маселелерди чечүү үчүн эки өлкөнүн темир жол ведомстволорунун жетекчилери баштаган жумушчу топ түзүлдү. Ошондой эле, тараптар жумушчу топтун кезектеги жыйынын апрель айынын аягында, Баку шаарында өткөрүүнү макулдашты.

2021-жылы Азербайжан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 111,9 миллион  долларын түзгөн.

https://business.com.tm/ru/post/8484/azerbaidzhan-i-uzbekistan-namereny-uvelichit-obem-zhd-gruzoperevozok