25.04.22

Өзбекстанда «INNOPROM Борбордук Азия» көргөзмөсү   25-27-апрель күндөрү өткөрүлөт. Көргөзмө профессионалдык баарлашуу, бир аянтчага ар түрдүү тармактардагы ири жана жогорку деңгээлдеги инвесторлорду чогултат.

Иш-чаранын негизги максаты, тармактагы акыркы технологияларды жана иштеп чыгууларды жайылтуу, жаңы бизнес байланыштарды түзүү, келишимдерге кол коюу жана анын натыйжасында жаңы өнөр жай кооперация долбоорлорун ишке ашыруу болуп саналат.

Өзбекстандагы көргөзмө, Борбордук Азия чөлкөмү жана коңшу мамлекеттер үчүн өнөр жай кооперациясынын жылдык платформасын түзүүгө багытталган. Негизги тармактар металлургия жана материалдар, өнөр жайды автоматташтыруу, машина куруу жана тетиктерди чыгаруу болуп эсептелет.

Жолугушуунун форматтарына ар түрдүү талкуулар, тегерек столдор жана бизнес жолугушуулар кирет. Катышуучулар Борбор Азияны технологиялык ачылыштын мейкиндиги катары кароого, аймактагы өлкөлөрдүн инвестициялык жана өнөр жай потенциалын талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат.

Былтыр апрель айында, бул масштабдуу иш-чара биринчи жолу өткөрүлгөн. Көргөзмөгө Өзбекстандын, Россиянын, Франциянын, Германиянын, Чехиянын, Япониянын, Азербайжандын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн өкмөттүк жана ишкер чөйрөлөрүнүн делегациясынын өкүлдөрү катышкан. Бардыгы болуп 2021-жылы көргөзмөгө өнөр жай жана каржы компанияларынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес-ассоциациялары кирген 10 миңден ашык адам келген.

Иш-чаранын жана ишкердик жолугушуулардын жыйынтыгында, инвестициялык келишимдер, экспорттук жана импорттук келишимдер түрүндө 3,2 миллиард долларга келишим түзүлгөн болучу.

https://centralasia.media/news:1777214