17.05.22

Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинде 16-май күнү, Азербайжандын Азык-түлүк коопсуздугу агенттигинин төрагасы Тахмазли Гошгар баштаган делагация мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөргө Өзбекстан тараптан Айыл чарба министринин орун басары Кахрамон Юлдашев катышты.

Көрүшмөнүн жүрүшүндө, тараптар агроөнөр жай тармагындагы Өзбекстан жана Азербайжан кызматташтыгынын абалы жана келечеги, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен иш-чаралар жана тажрыйба алмашуу боюнча пикир алмашышты.

Үстүбүздөгү жылдын үч айында, эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба продукциясынын жүгүртүүсү 5,3 миллион долларды түзгөн. Өзбекстандан Азербайжанга жүзүм, буурчак, жержаңгак, ошондой эле пахтанын бир нече сортунун уруктары жөнөтүлгөн. Өз кезегинде, Азербайжандан Өзбекстанга фундук көчөттөрүн жөнөтүү пландалууда.

Өзбекстандын борборуна болгон иш сапарынын алкагында, Азербайжан делегациясынын мүчөлөрү, Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин агенттигинин, Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттин жана Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жана калктын саламаттыгын сактоо кызматынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүүгө ниеттенишүүдө.

Өзбекстан менен Азербайжан 2002-жылдан бери айыл чарба тармагында кызматташып, тийиштүү ведомстволор аралык келишимдерге кол коюлган.

https://centralasia.news/15262-uzbekistan-i-azerbajdzhan-prodolzhat-sotrudnichestvo-v-agropromyshlennom-sektore.html