23.05.22

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында, Өзбекстандын Түркмөнстан менен тышкы соода жүгүртүүсү 254,5 миллион долларды түздү.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин өткөн жума күнү жарыяланган отчетуна ылайык, быйылкы жылдын төрт айында, Өзбекстан 205,3 миллион доллары өлчөмүндө Түркмөнстандын продукциясын импорттогон. Ошол эле учурда, Өзбекстандын Түркмөнстанга экспорту 49,2 миллион долларын түздү. Ошентип, Түркмөнстан Өзбекстандын алдыңкы 10 өнөктөш мамлекеттердин катарына кирди.

Өзбекстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын алгачкы төрт айынын ичинде 17,16 миллиард долларды түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,5 миллиард долларга же 61,2% пайызга өстү.

Үстүбүздөгү жылдын төрт айында, Өзбекстандын тышкы соодасынын эң чоң көлөмү Кытай мамлекетине туура келет. Кытай менен жалпы соода жүгүртүү 3,1 миллиард доллар болуп, анын импорту 2,3 миллиард доллар жана экспорту 826,3 миллион долларды түзгөн.

Бул мезгилдеги соода көлөмү боюнча, Өзбекстандын башка негизги өнөктөштөрү Россия (2,5 млрд доллардан ашык), Казакстан (1,4 млрд доллардан ашык), Түркия (1,15 млрд доллардан ашык), Корея (912, 1 млн доллар), Германия (452,1 миллион доллар), Кыргызстан (323,2 миллион доллар), Афганистан (238,9 миллион доллар) жана Индия (211,4 миллион доллар).

Эскерте кетсек, 2021-жылы Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү 881,9 миллион долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 61%пайызга көп болгон.

https://business.com.tm/en/post/8656/turkmenistanozbekistan-d%C4%B1sh-ticaret-hacmi-ilk-dort-ayda-2545-milyon-oldu