24.05.22

Самарканд облусунда кубаттуулугу 100 (МВт) болгон өнөр жай масштабындагы күн электр станциясы ишке киргизилди. Самарканд облусунун Нурабад районунда курулган күн станциясы, электр энергиясын берип баштады.

Ал жылына 260 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарууга жана 80 минден ашык турак-жайды электр жарыгы менен камсыз кылууга жөндөмдүү.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин тараткан билдирүүсүндө: «Станциянын ишке кириши жылына 78 миллион кубометр жаратылыш газын үнөмдөп, атмосферага 100 миң тонна зыяндуу заттардын чыгышына жол бербейт. Андан үнөмдөлгөн газдын эсебинен өлкөдөгү баардык жеке үйлөрдү 10 күн боюу жаратылыш газы менен камсыздоого болот», - деп айтылат.

Станциянын курулушуна 400 жумушчу иштесе, ишке берилгенден кийин электр станциясында  25 жаңы туруктуу жумушчу орун түзүлдү. Долбоор франциялык «Total Eren» компаниясы тарабынан 100 миллион долларлык түз инвестициянын эсебинен ишке ашырылган. Бул станция Өзбекстандын тарыхында жаратылыш энергия булактарынан электр энергиясын өндүргөн экинчи күн фотоэлектр станциясы болуп саналат. Буга чейин 2021-жылдын август айында, Навои облусунун Карманин районунда күндөн энергия алган станция курулуп ишке берилген болучу.

2023-жылдын аягына чейин «Масдар» компаниясы, Самарканд облусунун Каттакурган районунда кубаттуулугу 220 (МВт) болгон аймактагы экинчи чоң күн фотоэлектр станциясын ишке берүүнү пландоодо.

https://centralasia.media/news:1782651