02.06.22

Пакистандын Карачи порту биринчи жолу Өзбекстандан экспорттук транзиттик жүктү Индияга жөнөттү. Бул тууралуу, «Hellenic Shipping News» маалымат порталы билдирди.

Товарлар «International Container Terminal Services» компаниясына таандык, Пакистан Эл аралык контейнер терминалы (PICT) тарабынан ишке ашырылды.

Өзбекстандан товар  кара жол  менен Карачи портуна жеткирилип, Индияга экспортко жиберилди. Пакистан Эл аралык контейнер терминалы (PICT) мындай кызматташуу башка өлкөлөрдү Пакистандын соода жолун колдонууга шыктандырат деп үмүттөнөт.

«International Container Terminal Services» компаниясы тараткан маалыматта: «Мындай жол менен товар ташуу айрыкча, Орто Азиядагы деңизге чыга албаган башка өлкөлөр үчүн  өзгөчө геостратегиялык артыкчылыктарды берет. Карачи деңиз порту үчүн бул жаңы этаптын башталышы жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын күчөшүнүн символу болду» -  деп айтылат.

https://centralasia.media/news:1784431