02.06.22

Тажикстандын президентинин Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында, Зарафшан дарыясында “Яван” ГЭСинин курулушун баштоо аземи болду. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттер Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмон символикалык кнопканы басуу менен курулуштун башталышына уруксат беришти. Бул эки тараптуу энергетикалык кызматташуунун биринчи ири долбоору болуп эсептелет. Кубаттуулугу 140 мегаватты  түзгөн заманбап станция, эки  өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун, суу жана айыл чарба тармагынын туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.

Инженердик иштер толугу менен заманбап стандарттардын негизинде, дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын катышуусу менен жүргүзүлөт. Долбоорду каржылоого катышууга алдыңкы эл аралык институттар, анын ичинде “Азия өнүктүрүү банкы” жана “Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы” кызыкдар болушту. Долбоор тармактын илимий жана өндүрүштүк потенциалын чыңдап, миңдеген үй-бүлөлөрдү жана жаңы ишканаларды “жашыл” энергия менен камсыздайт.

Буга чейин, ГЭСтерди курууну этапбы менен жүргүзүү пландалып жатканы маалымдалган. Алгач кубаттуулугу 140 (МВт)   болгон 700-800 миллион (кВт) сааттык электр энергия өндүрө алган сметалык баасы 282 миллион доллар болгон “Яван” ГЭСин куруу макулдашылган.

Андан кийинки этапта тараптар, Фандарья дарыясына сметалык баасы 270 миллион доллар, кубаттуулугу 135 (МВт) жана 500-600 миллион (кВт) электр энергиясын өндүрүүчү ГЭС куруу мүмкүнчүлүгүн карашат. Долбоорду каржылоо эл аралык финансылык уюмдардан алынган карыздык жана гранттык каражаттардын, ошондой эле биргелешкен ишкананын уставдык фондуна салынган тараптардын өздүк каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Курулган ГЭСтер 1400 миллион киловаттга чейин электр энергиясын иштеп чыгарат.

https://centralasia.media/news:1784677