07.07.22

2022-жылдын январь-май айларында, Өзбекстандан Тажикстанга текстиль буюмдарынын экспорту 10,5 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (5,4 миллион доллар) дээрлик эки эсеге көпттүк кылат. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, Өзбекстандан Тажикстанга товар жана кызмат көрсөтүүсү 171 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине (153,6 миллион доллар) салыштырмалуу 11,3 пайызга өскөн.

2022-жылдын январь-май айларында, Өзбекстандын текстиль экспортунун эң чоң үлүшү Россияга туура келген (454,6 миллион доллар). Андан кийин Түркия (278,6 миллион доллар) жана Кытай (193,7 миллион доллар) турат. Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылдын биринчи беш айында 233,7 миллион долларды түздү, бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,9 пайызга (179,9 миллион доллар) көптүк кылат.

https://centralasia.media/news:1791697