04.10.22

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын президенти Каталин Новак Будапешт шаарында Шандора ак сарайында жолугушту. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары, Өзбекстан жана Венгриянын көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын, саясий диалогдун тереңдешин, өз ара колдоолорду улантууну, парламенттер аралык жана коомчулук менен байланыштарды өнүктүрүүнү белгилешти.

Маанилүү артыкчылык соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Акыркы жылдары сооданын көлөмү үч эсеге жакын өскөндүгү көрүшмө учурунда белгиленди.

Бул багытта, 2022-жылдын 3-октябрь күнү Будапешт шаарында экономикалык кызматташуу боюнча Өзбекстан-Венгрия өкмөттөр аралык комиссиясы жана Өзбекстан-Венгрия ишкерлер кеңешинин өткөргөн жыйындарынын өзгөчө ролу бар.

Тараптар Өзбекстандын Европа Биримдигинин ВСП+ преференциялар системасына кириши өз ара сооданы олуттуу көбөйтүү жана диверсификациялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешти.

Эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү орунду маданий-гуманитардык тармак ээлейт. Белгиленгендей, Венгрия өкмөтү Өзбекстандын студенттери жана докторанттары үчүн “Хунгарикум” программасы аркылуу жылдык квоталарды 170 орунга чейин көбөйтүү чечимин кабыл алган.

Мындан тышкары, жогорку окуу жайларынын ректорлорунун “Өзбекстан-Венгрия” форумун экинчи ирет өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугу белгиленди.

Мамлекет башчылары ошондой эле актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча жана көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында интенсивдүү диалогду жана өз ара колдоолорду улантуу маселелерин талкуулашты.

https://centralasia.media/news:1808802