05.10.22

Өзбекстан жана Венгрия биргелешкен артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо үчүн фонд түзүүнү макулдашты. Ошондой эле Өзбекстанда венгриялык компаниялар үчүн  өнөр жай аймагы пайда болот.

Бул тууралуу, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Венгриядагы алдыңкы компаниялардын жана банктардын жетекчилери менен жолугушуусунун жыйынтыгында белгилүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө фармацевтика, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, электроника жана электротехника, химия, текстиль, булгаары жана автомобиль өнөр жайы сыяктуу тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды.

Жыйында артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо боюнча биргелешкен фонд түзүлүп, жакынкы аралыкта иштей баштаары айтылды. Ошондой эле венгриялык компаниялар үчүн гана өзүнчө өнөр жай аймагын бөлүп, аны бардык зарыл өндүрүш инфраструктурасы менен камсыз кылуу сунуш кылынды.

Өзбекстандын президентинин айтымында, келечектеги биргелешкен долбоорлор, аларды ишке ашыруунун алкагында венгриялык өнөктөштөрдүн илимий иштеп чыгууларын, дизайн инновацияларын жана технологияларын өнүктүрүү чоң синергетикалык эффект берет.

Жыйындын соңунда конкреттүү мөөнөттөрдү жана жооптуу аткаруучуларды көрсөтүү менен бардык демилгеленген долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн комплекстүү «Жол картасын» кабыл алуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Өзбекстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилерине венгриялык өнөктөштөргө ийгиликтүү ишкердик ишмердүүлүктү ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүү тапшырылды.

“Өзбекстан-Венгрия” бизнес форумунун алдында 1 миллиард доллардан ашык инвестициялык, соода-финансылык келишимдер түзүлдү.

https://centralasia.media/news:1808861