10.11.22.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дүйшөмбү күнү «Узавтопром» долбоорунун бет ачарында, электромобилдер тармагын өнүктүрүүнү тездетүүнү жана электромобилдердин сервисин кеңейтүүнү тапшырды. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин айтымында, электр менен жүрүүчү унаалар калктын күнүмдүк турмушуна тездик менен кирип жатат, анткени суроо-талап бар, мындай унааларды иштетүүгө кеткен чыгым азыраак, тейлөөсү да арзан. Шавкат Мирзиёев: “Эң негизгиси, элибиз аларга артыкчылык беришет. Ошондуктан, биз калкты арзан, заманбап электромобилдер менен камсыз кылышыбыз керек”- деп белгилеп өттү.

Мамлекет башчы бул жаатта тажрыйбасы бар чет элдик компаниялар менен биргеликте ишканаларды түзүп, электромобилдердин популярдуу үлгүлөрүн чыгарууну уюштурууну тапшырды. Ал электр менен жүрүүчү унаалардын Өзбекстанда өндүрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурула тургандыгын билдирди.

Электромобилдерди тейлөө пункттарынын тармагын кеңейтүү милдети коюлду. Тактап айтканда, жакынкы эки жылда унаа токтотуучу жайларга, май куюучу жайларга жана автожолдорго эки миң кубаттоочу станция орнотулмакчы.

Өндүрүш үчүн адистерди даярдоонун мааниси баса белгиленди. “Турин” политехникалык университетинде электромобилдер боюнча илимий лабораторияны уюштуруу, Кытай, Германия, Америка, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдө окутуучулардын жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча пландар сунушталды.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын 2022-2026-жылдар аралыгындагы өнүгүү стратегиясында “жашыл” экономикага өтүү, анын ичинде электромобилдерди чыгаруу боюнча максаттары аныкталган. Быйыл февраль айында өткөн жыйында мамлекет башчы бул багытта конкреттүү тапшырмаларды берген.

Бүгүнкү күндө, Ташкент шаарында Кытайда чыгарылган 20 даана электр автобустары маршруттук каттамдамдарда жүргүнчүлөрдү тейлейт. Келерки жылы борбор шаарга дагы 200 даана жана  Самарканд шаарына  100 даана электробус алып келүү пландалууда.

Өзбекстандын  Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын сегиз айында Өзбекстанга чет өлкөдөн 1,499 электромобиль импорттолгон. Быйылкы жылы 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу электромобилдердин импорту 1,003 даана электромобилге көбөйдү. Өзбекстан үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында эң көп электромобилдерди Кытайдан (1,3 миң), Бириккен Араб эмираттарынан (БАЭ) (110), Германиядан (34), Гонконгдон (30) жана башка өлкөлөрдөн (19) импорттогон.

https://kabar.kg/news/uzbekistan-nameren-uskorit-razvitie-elektromobil-noi-otrasli-v-strane/