15.10.22

Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, инвестициялар жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында, соода-экономика тармагында эки өлкөнүн кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле өнөр жай кооперациясынын жаңы келечектүү биргелешкен инвестициялык долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, инвестициялар жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев жетектеген делегациясынын жакынкы убакта, Кыргызстанга жумушчу сапарын пландаштыруу боюнча пикир алмашышты.

Тараптар ошондой эле үстүбүздөгү жылы Бишкекте эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 11-отурумун жана эки өлкөнүн облус башчыларынын катышуусу менен бизнес-форумду өткөрүү маселелерин, “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн жана учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө гидроэнергетика жана транспорт-логистика тармагындагы биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча актуалдуу маселелерди белгилешти. Кыргызстандын түштүгүндө айыл чарба кластерлерин түзүү, Кыргызстандан сүт, эт жана булгаары, бодо малды жана картошканы экспорттоого да көңүл бурулду.

Кыргызстандын элчиси бир катар демилгелерин сунуштады, аларга эки өлкөнүн борборлор шаарларында соода үйлөрүн ачууну, аны кийин аймактарда кеңейтүүгө боло тургандыгын билдирди. Бул маселе боюнча өзбек тарап түшүнүү жана колдоо билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыктын бардык маселелерин, ошондой эле учурдагы жана келечектеги долбоорлорду ишке ашырууну ар тараптуу жана мазмундуу талкуулоо үчүн тиешелүү ведомстволордун катышуусу менен жумушчу топтун биргелешкен ишин улантуу боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Жамшид Ходжаев ар тараптуу колдоо жасай тургандыгына ишендирип, министрликтин атынан элчилик менен жемиштүү кызматташууга жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга жигердүү аракеттерди жасоого даяр экендигин билдирди.

https://www.tazabek.kg/news:1810730?from=portal&place=last