20.10.22

Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов Тажикстанда өткөн эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө, бир катар демилгелерди көтөрдү. Ал өз сөзүндө, Кытайдан жаңы транспорт коридорун ишке киргизүүнү, ошондой эле жүк ташуу үчүн Борбор Азиядагы бажы өткөрүү пункттарынан товарлардыни өтүү процесстерин жөнөкөйлөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу “Podrobno.uz.” маалымат кызматы билдирди.

Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов: “Азыркы оор кырдаалда салттуу жүктөрдү жеткирүү чынжырчасы олуттуу түрдө үзгүлтүккө учурап, кээ бир багыттар боюнча жөндөмсүз болуп калганын эске алганда, жаңы логистикалык багыттарды түзүү азыркы доордун талабы”, - деп белгилеп өттү.

Илхом Махкамов “Кытай-Кыргызстан-Тажикстан - Өзбекстан - Түркмөнстан - Иран - Түркия - Европа” мультимодалдык транспорттук-логистикалык коридорун түзүүнү сунуштады.

Бул демилгени ишке ашыруу үчүн ар бир тарап макулдашылган түрдө иш алып барышы керек, ага байланыштуу катышуучу өлкөлөрдөн туруктуу жумушчу топ түзүлүп, анын алгачкы жыйынын Ташкентте өткөрүү зарыл.

Министр эл аралык жүк ташуу процессине санариптик технологияларды киргизүү бүгүнкү күндүн зарыл жана маанилүү талабы экенин кошумчалады. Өзбекстан транспорт тармагындагы инновациялык ыкмаларды колдойт.

Бүгүнкү күндө, Өзбекстанда Түркия менен биргеликте “E-PERMIT” электрондук системасын тестирлөө иштери башталган. Ал эми Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен E-TIR электрондук китебин колдонуу толук кандуу киргизилген. Буга байланыштуу Ташкент санариптик технологияларды транспортко киргизүүнүн түрлөрүн жана географиясын андан ары кеңейтүүнү жактайт, деп белгиледи ал.

Илхом Махкамов ошондой эле эл аралык жүк ташуу процессинде чек ара бекеттеринен өтүү жана виза алуу процесстерин жөнөкөйлөтүүнү, төлөмдөрдү жана жыйымдарды оптималдаштырууну жана кыскартууну сунуштады.

https://centralasia.media/news:1812025