26.10.22

Өзбекстан ноябрь айында жана кыш мезгилинде Россиядан туристтердин көп келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу «Podrobno.uz» маалымат кызматы өлкөнүн Туризм жана маданий мурастар министрлигинин маалыматына таянуу менен жазып чыкты.

Өзбекстандын Туризм жана маданий мурастар министрлигинин инвестиция жана туризм инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Аброрхужа Муноваров белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Өзбекстанга Россиядан 400 миңден ашуун турист келген. Ноябрь айында россиялык туристердин чоң агымы күтүлүүдө, алар кышкы мезгил үчүн эс алуу жана конок үйлөрүндө  ​алдын ала орундарды буйрутма берип ээлеп коюшкан.

Мындан тышкары, анын айтымында Түркия, Италия жана Япониядан келген туристтердин агымы байкаларлык өсүүдө. Жылдын аягына чейин туристтердин жалпы саны 4,5 миллион адамга чейин көбөйөт деген божомолдор бар.

Ошол эле учурда Өзбекстанга үстүбүздөгү жылдын 9 айында 3,6 миллион чет элдик турист келген. Келген туристтердин саны боюнча биринчи орунда Казакстан (1 миллион турист), экинчи орунда Кыргызстан жана Тажикстан (ар биринен болжол менен 950 миңге жакын) турат.

https://centralasia.media/news:1812986