02.11.22

27-октябрда Ташкентте Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жолугушуусу өттү. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын өкүлдөрү катышты. Тараптар уюмдун темир жол администрацияларынын активдүү кызматташуусу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн темир жол башкармаларынын демилгелерин ишке ашыруу боюнча туруктуу жумушчу топ түзүү боюнча жана бир катар башка макулдашуулар түзүлдү.

https://kg.economist.kg/news/2022/11/02/t-rk-tild-mamleketterdin-temir-zhol-vedomstvoloru-dolboorlordu-ishke-ashyruu-ch-n-zhumushchu-top-t-z-sh-t/