10.11.22

Өзбекстан 2022-жылы Түркмөнстан жана Казакстандын порттору аркылуу жүк ташууну эки эсеге көбөйткөн. Бул тууралуу, Өзбекстандын Транспорт министринин орун басары Жасурбек Чориев “Түрк мамлекеттер уюмунун” (ТМУ) мамлекет башчыларынын саммитинин алдындагы брифингде билдирди.

Жасурбек Чориев: “Статистикалык маалыматтарга ылайык, былтыркы жылдын тогуз айына салыштырмалуу быйыл Казакстан жана Түркмөнстандын деңиз порттору аркылуу Өзбекстан товар ташуусунун көлөмү эки эседен ашкан. Тактап айтканда 337 миң тоннадан 701 миң тоннага өскөн”, - деп билдирди.

11-ноябрь күнү, Самаркандда “Түрк мамлекеттер уюмунун” (ТМУ) мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Жасурбек Чориевдин айтымында, уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда эл аралык мультимодалдык жүк ташуу боюнча келишимге жана транспорт тармагындагы кызматташуу программасына кол коюу пландалууда. Эки документ тең өзбек тараптын демилгеси менен даярдалган.

Мурда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк кеңеши) деп аталган. Түрк мамлекеттеринин уюму 2009-жылдын 3-октябрында түзүлгөн. Аталган уюмга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө болуп эсептелишет. Ал эми Венгрия жана Түркмөнстан байкоочу статусуна ээ.

11-ноябрда Самарканд шаарында өтө турган уюмдун саммитинде Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) толук кандуу мүчөсү болоору күтүлүүдө.

https://business.com.tm/ru/post/9413/uzbekistan-vdvoe-uvelichil-gruzoperevozki-cherez-porty-turkmenistana-i-kazakhstana