11.11.22

Самарканд шаарында 11-ноябрь күнү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында, Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын жыйыны өттү. Жолугушуу “Түрк цивилизациясынын жаңы доору: жалпы прогресс жана гүлдөп өнүгүү жолунда” темасынын алдында болуп өттү. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Түркмөнстандын Элдик Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышты.

Ошондой эле Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ), Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА), Эл аралык Түрк академиясынын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун катчылыгынын жетекчилери дагы катышты.

Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыктын негиздерин чыңдоонун максатка ылайыктуулугу баса белгиленди.

Өзбекстандын президенти, жыл сайын Эл аралык түрк экономикалык форумун өткөрүүнү, анын ичинде форумдун алкагында «мамлекет жана бизнес» форматында биргелешкен иш-чараларды, ишкерлердин жолугушууларын жана тегерек столдорду, инновациялык долбоорлордун презентацияларын жана көргөзмөлөрдү өткөрүүнү сунуштады.

Жолугушууда ошондой эле стратегиялык маанидеги дагы бир актуалдуу маселе болгон транспорт тармагындагы өз ара байланышты чыңдоо талкууланды.

Приоритеттүү багыттар боюнча саясат жана коопсуздук, соода жана инвестиция, транспорт, айыл чарба, энергетика, маалыматтык технологиялар, туризм, инновациялар жана билим берүү, медицина, жаштар жана башкалар боюнча министрлердин деңгээлинде өзүнчө комитеттерди түзүү зарылдыгына көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында, уюмдун алкагында көп тармактуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө багытталган Түрк мамлекеттеринин саммитинин Самарканд декларациясы кабыл алынды.

Эскерте кетсек, мурда бул уюм, “Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши” деп аталып 2009-жылдын 3-октябрында түзүлгөн.

Түрк мамлекеттеринин уюмуна Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө өлкөлөр болуп эсептелет. Ал эми Венгрия жана Түркмөнстан байкоочу статусуна ээ.

https://business.com.tm/ru/post/9418/v-samarkand-sostoyalos-zasedanie-glav-stranuchastnic-organizacii-tyurkskih-gosudarstv