11.11.22

Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын IX саммитинин жыйынтыгында бир нече документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө мамлекеттердин — Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан республикаларынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшкан:

Түрк мамлекеттер уюмунун IX саммитинин Самарканд декларациясы;

"Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна" өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол;

"Түрк мамлекеттер уюмунун процедуралар эрежеси" жөнүндө чечим;

"Түрк мамлекеттер уюмунун соодага көмөктөшүү стратегиясы" жөнүндө чечим;

"Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысын дайындоо" жөнүндө чечим.

Ошондой эле төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык бириктирилген ташуулар жөнүндө макулдашуу;

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуу;

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин ортосундагы персоналды башкаруунун санариптик системалары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму жөнүндө.

https://kabar.kg/news/v-samarkande-po-itogam-sammita-otg-podpisan-riad-dokumentov/