11.11.22

Самарканд шаарында 10-ноябрь күнү “Өзбекстан-Венгерия” бизнес-форуму болуп өттү. Иш чарага  Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев жана Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто катышты. Бул тууралуу, Өзбекстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган форумга, Өзбекстандын тармактык министрликтеринин, ведомстволорунун жана коммерциялык банктарынын, өзбекстандык жана венгриялык компаниялардын өкүлдөрү дагы катышты.

Форумдун алкагында катышуучулар маалымат технологиялары, курулуш, фармацевтикалык өнөр жай, медицина, машина куруу, айыл чарба, транспорт жана логистика, тамак-аш жана жеңил өнөр жай, туризм,  ошондой эле бизнес тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле альтернативдик энергия, пайдалуу кендерди казып алуу жана аларды терең иштетүүнү талкуулашты.

Венгриянын делегациясынын өкүлдөрү Өзбекстандын рыногунда өздөрүнүн катышуусун кеңейтүүгө жана бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга катышууга өз өлкөсүнүн ишкерлери кызыкдар экендигин баса белгилешти.

Форумдун алкагында G2B жана B2B форматындагы иштиктүү жолугушуулар да болуп, ага эки өлкөнүн бир катар министрликтеринин жана компаниялардын жетекчилери катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында автомобиль, транспорт жана логистика, жеңил өнөр жай сыяктуу тармактарда кызматташуу келишимдерине, ошондой эле медициналык жана фармацевтика, илим жана технология жана балык чарбасы жаатында өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду.

https://centralasia.news/17992-uzbekistan-i-vengrija-prodolzhat-naraschivat-sotrudnichestvo-v-delovoj-sfere.html