16.11.22

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 16-ноябрь күнү Түркиялык «Calik Holding» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ахмет Чалик мырзаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө, практикалык кызматташтыкты тереңдетүү жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери олуттуу түрдө каралды.

Өзбекстанстандын президенти, Түркиянын алдыңкы ишканалары менен болгон өнөктөштүктүн учурдагы деңгээлин, ошондой эле экономиканын приоритеттүү тармактарында кызматташууну мындан ары тереңдетүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү канааттануу менен белгиледи.

 «Calik Holding» компаниясынын жетекчиси жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, компаниянын узак мөөнөттүү жана толук масштабдуу өнөктөштүк үчүн жакшы ниети бар экендигин билдирди.

Өзбекстандын президенти Түркиялык  «Calik Holding» компаниясынын  жетчиси менен биргеликте саламаттыкты сактоо, химия жана тоо-кен өнөр жай тармагында кызматташуу долбоорлорун ишке ашыруунун келечеги тууралуу пикир алмашты.

Жолугушуунун соңунда, инвестициялык кызматташтыктын жаңы программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча макулдашууга жетишилди.

https://president.uz/ru/lists/view/5707