25.11.22

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өткөн жыйында, жылына этабы менен 15-25 миң даана электромобилдерди чыгарууну стимулдаштыруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу, “Интерфакс-Казакстан” маалымат кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда, электромобил өндүрүүдө мамлекеттик колдоонун зарылдыгы талкууланды. Атап айтканда, республикада өндүрүлгөн электромобилдерге керек болгон импорттолуучу тетиктер жабдуулар жана аларды жасоодо колдонулуучу сырье үчүн бажы төлөмдөрүнөн бошотуу маселелери каралды.

Жолугушууда жооптуу кызмат адамдары бул иш-чаралардын натыйжасында, республикада жылына 15-25 миң электромобилдерди чыгарууну акырындык менен ишке киргизүү мүмкүн экенин белгилешкен.

Өлкө ичинде өндүрүлгөн электромобилдерди колдонууну кеңири жайылтуу үчүн аларды сатып алууга берилген кредиттер боюнча пайыздардын белгилүү бир бөлүгүн мамлекеттин компенсациялоосу каралууда. Ошондой эле мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү бийлик тарабынан электромобилдерди сатып алууга колдоо көрсөтүлүшү талкууланды.

Электромобилдер менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөткөн адамдарга лицензия алууда мамлекеттик алым төлөөдө жеңилдик берилет. Республикада жездин запасынын жетиштүү болуусун эсепке алуу менен адистештирилген кластерлер түзүлүп жатат.

Кластерлердин базасында электромобилдердин тетиктерин жана заряддоочу станцияларды өндүрүү ишке киргизилет.

Шавкат Мирзиёев көрүшмө учурунда: “Электромобилдерди өндүрүү тармагында атаандаштыкты жаратышы керек”, - деп белгилеп өттү.

Президент потенциалдуу инвесторлор менен түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоону, алардын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен колдоо чараларын кеңейтүү, жеке секторду электромобил тармагына тартууну тапшырды, деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын февраль айында “Узавтопром” кытайлык “BYD Auto Industry” электромобилдерин эң ири өндүрүүчү компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон. Документ Өзбекстанда жаңы энергия булактарын изилдөө, жеңил унааларды жана автобустарды чыгаруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун изилдөөнү карайт.

https://kapital.kz/world/110771/v-uzbekistane-planiruyut-proizvodit-do-25-tysyach-elektromobiley-v-god.html