04.12.22

Ташкенттин борбордук темир жол вокзалында “Түркия-Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан” жаңы темир жол каттамынын ачылышына арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чарада Түркиядан Өзбекстанга жол тарткан алгачкы товар ташыган поезди тосуп алуу аземи өткөрүлдү.

“Өзбекстан темир жолдору” акционердик коому Түркия тарап менен биргеликте, Түркиянын “Гумрух” станциясынан, Ташкент шаарына чейин жүк ташуу маршрутун иштеп чыгышкан болучу. Тактап айтканда, турмуш-тиричилик техникасы (муздаткыч техникалары) менен 40 вагондон турган поезд Түркия, Иран жана Түркмөнстандын аймагынан өтүп Өзбекстанга келген.

Жалпы узундугу 4,500 километрден ашкан бул каттам Өзбекстандан эл аралык рынокторго жүк ташуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Мындай иш чаралар, региондо болгон транспорттук-коммуникациялык тармактарды жана инфраструктураны эффективдүү пайдаланууга, тышкы соода товарларын негизги дүйнөлүк жана регионалдык базарларга ташуу үчүн убакытты жана финансылык чыгымдарды олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берет.

Салтанаттуу иш чарага “Өзбекстан темир жолдору” ачык акционердик коомунун (ААК) башкармалыгынын төрагасы Х.Хасилов, Түркиянын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Олган Бекар, Түркия темир жолдорунун өкүлдөрү, ошондой эле аталган каттам менен алгачкы товарларын алып келген Түркиялык ишкерлер катышты.

https://centralasia.media/news:1829855