10.01.23

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2022-жылдын октябрь айында, Венгрияга жасаган иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну тездетүү боюнча “жол картасы” бекитилген болучу. Аталган документ Ташкент шаарынын акими Жахонгир Артыходжаев тарабынан  бекитилген.

Документте венгриялык компаниялар үчүн керек болгон инфраструктурасы бар өзүнчө өнөр жай аймагын куруу каралган.

2023-жылдын апрель айына чейин, өнөр жай аймагы үчүн бериле турган жер тилкеси аныкталары күтүлүүдө. Ошондой эле өнөр жай зонасын өнүктүрүү концепциясы дагы иштелип чыгат.

Өзбекстандын президенти Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында, Венгриянын компанияларынын жана банктарынын жетекчилери менен жолугушкан. Көрүшмө учурунда, Венгриянын  компаниялар үчүн бардык керектүү өндүрүш инфраструктурасы бар атайы өнөр жай аймагын түзүп берүү сунушталган. Ошондой эле Өзбекстан жана Венгрия  артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо үчүн биргелешкен фонд ачууну көздөп жатышат.

Технопарк долбоорунун алкагында медициналык жабдууларды, электроника, тетиктерди  биргелешип өндүрүү пландалган. Жакынкы убактарда, Венгриядан потенциалдуу өндүрүүчүлөрдүн тизмеси түзүлүп, алар Ташкентке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барышмакчы.

Өзбекстан 2023-2024-жылдары Венгрияга 1 миллион долларга трикотаж буюмдарын, 1 миллион долларга жип, 3,1 миллион долларга кургатылган мөмө-жемиштерди жана 3,1 миллион долларга полиэтилен гранулдарын экспорттоону  пландоодо.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/74738