26.01.23

Өзбекстандын текстиль өнөр жайын өнүктүрүүнүн  модели КМШ өлкөлөрүнүн арасында барган сайын популярдуу болууда. Учурда Өзбекстандын ишкерлери биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн коңшу өлкөлөргө активдүү чакырылууда.

Ошол эле учурда, Өзбекстандын текстиль ишканаларынын Кыргызстандын текстиль тармагына инвестиция салууга болгон кызыгуусу да өсүүдө. Өзбекстанда трикотаж кездемелерди чыгарган ири компаниялардын бири болгон “Зелаль Текстиль” ишканасы  Кыргызстанда  “Декна Бишкек” тиркотаж жана тигүү фабрикасынын инвестору болуп саналат. Азыркы учурда аталган фабриканын курулуш-монтаждоо иштери аяктап жатат. “Декна Бишкек” фабрикасы Кыргызстандын Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан. Анын курулушуна 45,0 миллион доллар жумшалган.

Долбоорду ишке киргизүүнүн натыйжасында 17 миң тонна трикотаж кездемесин жана 7,0 миллион даана даяр трикотажды чыгаруу боюнча өндүрүштүк кубаттуулук түзүлүп, 1000 жакын жумушчу орун түзүлөт.

Учурда ишкана жайгаша турган имараттарды жана курулуштарды оңдоо, технологиялык жабдуулар менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Өзбекстандан И.Хайдаров жетектеп келген “Узтекстильпром” бирикмесинин делегациясы фабрика менен жеринде таанышып келишти.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/75108