10.02.23

Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов  2023-жылдын 9-февраль күнү, Өзбекстанда иш сапары менен жүргөн Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, акыркы жылдардагы көп кырдуу Өзбекстан-Венгрия мамилелеринин өнүгүүсүндө жакшы жылыштар болуп жаткандыгы  белгиленди. Ошону менен бирге тараптар, кызматташтыкты кеңейтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилешип, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн масштабын мындан ары дагы жогорулатуу максатында, бардык деңгээлдеги интенсивдүү байланыштарды улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Көрүшмө учурунда, инвестициялык өз ара кызматташуу жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнүн олуттуу потенциалы бар экендиги баса белгиленди. Бүгүнкү күндө, Өзбекстанда Венгриялык компаниялардын капиталы менен 16 биргелешкен ишканалар түзүлгөн.

“Bonafarm”,  “KITE”, “Meditop”, “Gedeon Richter”, “MOL Group” жана башка венгриялык алдыңкы компаниялар менен энергетика, айыл чарба, фармацевтика, медициналык жабдуулар жана пластмасса өндүрүү боюнча инвестициялык долбоорлор иштелип жатат. Тараптар Венгриянын Тышкы иштер министрлигине караштуу, Индустриалдык парктарды өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги менен биргеликте, Өзбекстанда Венгриянын компаниялары үчүн өзүнчө өнөр жай аймагын түзүү боюнча чараларды көрүүнү макулдашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосунда жумасына төрт рейске чейин түз аба каттамдарын уюштуруунун келечеги каралды.

Мындан тышкары, Венгриянын “OTP” банкынын Өзбекстандын рыногуна ийгиликтүү кириши жогору бааланды. Банктын Өзбекстандагы ишмердүүлүгүн жаңы компанияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду каржылоо аркылуу кеңейтүүгө кызыкдар экени айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара каалоолорун билдиришти жана үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында, Будапешт шаарында, Экономикалык кызматташтык боюнча “Өзбекстан-Венгрия” өкмөттөр аралык комиссиясынын 8-жыйыны жана бизнес форумун өткөрүүнү макулдашышты.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/75445