13.02.23

Өзбекстандын Транспорт министринин орун басары Абдусамат Муминов 13-февраль күнү, Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында “Азербайжан темир жолу” жабык акционердик коомунун (ЖАК) төрагасы Ровшан Рустамов менен жолугушту.

 “Азербайжан темир жолу” жабык акционердик коомунун (ЖАК) басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Тараптар эки өлкөнүн темир жол тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, Транскаспий эл аралык транспорт коридорунун, анын ичинде “CASCA+” мультимодальдык транспорттук маршрутунун алкагында, кызматташуу боюнча жаңы сунуштарды талкуулашты”,- деп билдирди.

Көрүшмө учурунда, Ровшан Рустамов менен Абдусамат Муминов 2023-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын планын, анын ичинде “Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия” маршруту боюнча товар ташуу, ташуулардын түрлөрү жана тиешелүү тариф саясатын талкуулашты.

Эскерте кетсек, “Орто коридор” деп аталган Транскаспий эл аралык транспорт жолу Кытай, Казакстан, Каспий деңизинен өтүп Азербайжан, Грузия аркылуу жана андан ары Түркия жана Европа өлкөлөрүнө өтүүчү эл аралык транспорт коридору болуп эсептелет. Долбоорду ишке ашыруу 2013-жылы башталган. “Баку-Тбилиси-Карс” темир жолу ушул коридордун бир бөлүгү болуп саналат. Бул каттам Кытайдан Европага жүктөрдү жеткирүү убактысын үч эсе кыскартууга мүмкүндүк берет.

http://interfax.az/view/886632