16.02.23

Өзбекстандын “UzAuto Motors” улуттук автоконцерни “Chevrolet Onix” маркасындагы автомобилдерин сериялык чыгарууну баштады. Өндүрүүчү жылдын аягына чейин “Chevrolet Onixтин” автоунаасынын тетиктеринин 70% пайызын өлкө ичинде өндүрүүнү убада кылууда.

Өзбекстандын 200 ишканасында “Chevrolet Onix” автоунаасынын 1,5 миң тетиктери өндүрүлөт. Бул долбоорду өнүктүрүүгө 427,6 миллион доллар инвестиция тартылган, деп билдирет “UzDaily” маалымат агенттиги

Автоунаанын эң маанилүү тетиктери болгон кыймылдаткычы да Өзбекстандын ичинде өндүрүлмөкчү. “Chevrolet Onix” автоунаасы инновациялык “CSS Prime” кыймылдаткычы менен иштейт. Бул кыймылдаткычтардан өзгөчөлүгү жогорку өндүрүмдүүлүгү, аз күйүүчү май керектөөсү жана турбинасы бар.

Ишке ашырылган долбоорлор, Өзбекстандын автомобиль өнөр жайын мындан ары өнүктүрөт жана аны өндүрүүнү жылына  500 миң даанага жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

https://www.newscentralasia.net/2023/02/16/uzbekistan-zapustil-seriynoye-proizvodstvo-avtomobiley-chevrolet-onix/