26.02.23

Ташкент шаарында Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов жана Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Умбриэл Темиралиевдин 25-февраль күнү жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, буга чейин химия, текстиль өнөр жайы, машина курууну, фармацевтика, булгаары бут кийимдери, курулуш материалдары, электротехника буюмдарын өндүрүү боюнча жетишилген келишимдерди ишке ашырууну тездетүүнү жана мындан аркы жасала турган иш чаралар сүйлөшүлдү. Көрүшмө учурунда, экономиканын маанилүү тармактары болгон энергетика, айыл чарба, транспорт, логистика жана туризм маселелери дагы талкууланды.

Тараптар энергетика тармагында кызматташуу боюнча пикир алмашып,  Камбар-Ата ГЭС-1  куруунун алкагында керектүү документтер даярдалып жаткандыгын билдиришти.

Мындан тышкары, “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү талкууланып, анын өнөр жай кооперацияларын өнүктүрүүдө жана эки өлкөнүн өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда өз ара байланыштарды колдоо, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоодо  маанилүү экендигин белгилеп өтүштү.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/75806